Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Сот парламент депутаттагына талапкер Шайлообек Атазовдун добуш сатып алуу боюнча доо арызын карап, мурдагы соттун чечимин күчүндө калтырды.
Буга чейин Бишкектин административдик соту Атазовдун арызы боюнча чечимди анын атаандашы, талапкер Нурбек Алимбековдун пайдасына чыгарган.
Жогорку соттун чечиминин негизинде №8 Төлөйкөн округунан Нурбек Алимбеков депутат болуп келет.
Атазов 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Нурбек Алимбековдун шайлоо штабы бир катар мыйзамсыз аракеттерге барган, добуш сатып алган деген негизде сотко кайрылган.
Алимбековдун шайлоо штабы өз дарегине айтылган дооматтарды четке каккан. (JsA)
Дагы караңыз
Саясатчы Бактыбек Калмаматов УКМКнын тергөө абагына камалдыХакасияда түрктөр тууралуу тасма тарткан журналисттер кармалдыАдвокат: УКМК Калмаматовдун паспорту жасалма болушу мүмкүн деп жататПарламент Бакыт Жетигеновду жоопко тартууга макулдук берген жок Бакиров Өзбекстанга элчи катары Иминов жең ичинен дайындалып жатканын айтып чыктыБишкекте кассалык аппаратка каршы болгон соодагерлер митингге чыктыАкылбек Жапаров парламенттин 6-чакырылышы тарыхый миссия аткарганын билдирди