Бишкек шаарындагы "Таатан" соода борборунун соодагерлери жаңы Салык кодексине каршы митингге чыгышты. Алар учурда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында турушат.
Соодагерлер кассалык аппараттардын коюлушуна каршы болушууда. Салык кызматынын инспекторлору кассалык аппарат колдонбогону үчүн айыппул салып жатканын айтып, мурдагыдай эле патент ыкмасы менен иштөөнү талап кылышууда.
Кыргызстанда 2022-жылдан тартып жаңы Салык кодекси ишке киргени турат. Министрлер кабинети көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максатын коюп жатат.
Дагы караңыз Салыкчылардын укуругун узарткан жаңы кодексПрезидент Садыр Жапаров 6-декабрда "Чакан ишкердик субъектилерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, жылдык жүгүртүүсү 8 млн. сомго чейин болгон ишкерлик субъектилерди салыктан бошотуу каралган. Бирок алар онлайн кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө колдонушу керек.
Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 30-40% экени айтылып келет. (МТа)
Дагы караңыз
Акылбек Жапаров парламенттин 6-чакырылышы тарыхый миссия аткарганын билдирдиБакиров Өзбекстанга элчи катары Иминов жең ичинен дайындалып жатканын айтып чыктыПарламент Бакыт Жетигеновду жоопко тартууга макулдук берген жок Көчө тазалагандардын кооптуу иши, жолдо үзүлгөн өмүр