Быйыл Акжол, Айсулуу, Мээрим, Айпери деген ысымдар көп коюлду

Санарип өнүктүрүү министрлиги тараткан сүрөт.

2021-жылы Кыргызстанда миңден ашык ымыркайга Токиодогу Олимпиада оюндарында ийгилик жараткан спортчулардын ысымдары ыйгарылган. Бул тууралуу Санарип өнүктүрүү министрлиги билдирди.

2021-жылы төрөлгөн 414 уул балага Акжол, 374 кыз балага Мээрим, 324 кыз балага Айсулуу, 279 кыз балага Айпери деген ысым ыйгарылган.

Октябрь айында төрөлгөн үч эм кызга дагы ата-энеси балбан кыздардын атынан Айсулуу, Мээрим жана Айпери деген ысым беришти.

2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова күмүш байге, Мээрим Жуманазарова коло байге уткан. Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарында 5-орунду ээлеген.

Күрөш боюнча Ослодо өткөн дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону аталып, Айпери Медет кызы коло байге уткан.

Буга чейин Санарип өнүктүрүү министрлиги 2021-жылы Кыргызстанда наристелерге эң көп коюлган ысымдарды жарыялаган.

Эркек балдарга эң көп коюлган 10 ысым:

  • Мухаммад - 4537
  • Умар - 4132
  • Али - 2632
  • Амир - 2164
  • Билал - 2129
  • Алихан - 2112
  • Алинур - 2063
  • Нурислам - 1910
  • Эмир - 1681
  • Усман - 1481.

Кыздарга эң көп коюлган 10 ысым:

  • Салиха - 3107
  • Раяна - 2864
  • Амина - 2604
  • Фатима - 2436
  • Айлин - 2383
  • Алия - 2040
  • Сафия - 1968
  • Аруузат - 1928
  • Хадича - 1894
  • Альфия - 1731.

2020-жылы балдарга эң көп коюлган ысым Умар, кыздардыкы Раяна болгон. (МТа)

Дагы караңыз

Акаев Кыргызстанга сапарын Путин менен макулдашканын айтты Кыргызстандан чыгып кеткен капиталдын агымы көбөйдүБашкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун аты ыйгарылатАба ырайы: бир катар аймактарда кар жаайт