Түркияда Болот Шамшиевди эскерүү кечеси өттү

Болот Шамшиев.

Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында 20-декабрда белгилүү кинорежиссёр, драматург, коомдук жана мамлекеттик ишмер Болот Шамшиевди эскерүү кечеси уюштурулду. ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жана Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги уюштурган иш-чарага түркиялык кино таануучулар, студенттер жана күйөрмандар чакырылган.

Чыгаан кинорежиссёр Шамшивдин 80 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмө жана ал тарткан тасмалардын көргөзмөсү Анкарадагы Гази университетинде 22-декабрга чейин уланмакчы.

Болот Шамшиев СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, II даражадагы "Манас" ордени жана башка ата мекендик, чет элдик сыйлыктардын ээси болгон. Маркумдун көзү тирүү болгондо бүгүн, 12-январда туура 80 жашка чыкмак.

Ал 1941-жылдын 12-январында туулуп, 2019-жылдын 21-декабрында дүйнөдөн кайткан. (ElB)

Дагы караңыз

Акаев Кыргызстанга сапарын Путин менен макулдашканын айтты Башкаруу академиясына Жусуп Абдрахмановдун аты ыйгарылатАба ырайы: бир катар аймактарда кар жаайтФутзал: Кыргызстан менен Грузиянын курама командалары беттешет