Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой иштен алынды

Алексей Цой.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өз жарлыгы менен саламаттыкты сактоо министри Алексей Цойду кызматтан бошотту. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Берик Уали 20-декабрда социалдык тармактар аркылуу билдирди. Акордонун расмий сайтында министрдин эмне себептен иштен алынганы айтылган жок.

Цойду бул кызматка Касым-Жомарт Токаев 2020-жылдын июнь айында коронавирус илдети күчөп турган кезде дайындаган.

Алексей Цой 2014-жылдан бери саламаттыкты сактоо министринин орун басары, Казакстан президентинин иш башкармалыгынын медицина борборун жетектеп келген.

Цойго чейинки министр Элжан Биртанов "бюджеттик каражатты максатсыз пайдалануу" фактысы менен козголгон кылмыш ишинин алкагында үй камагына алынган.

Анын ордун баскан Цойдун дарегине да коронавирусту ооздуктоо жана калкты эмдөөдөн өткөрүү маселелерине байланыштуу сын-пикирлер айтылып келген.

Дагы караңыз

Филиппиндеги тайфун 200дөн ашуун адамдын өмүрүн алдыСаккараевдин ордуна депутат болуп Жансеитов келиши ыктымалАкаев сурак бергенден кийин кайра Москвага учуп кеттиТИМ: Ооганстандан эвакуациялангандар арасында кыргызстандыктар жок