"Кыргыз көмүр" Кара-Кечеде казуу иши жанданарын билдирди

Көмүр ташууга кезекте тургандар.

Кара-Кече кенинде бир апталык тыныгуудан кийин бүгүн, 20-декабрда көмүр казылып, жүктөлө баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, жүктөлгөн көмүр Бишкекке 22-декабрга келет.

Аталган ишкана тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу 15-декабрдан баштап көмүр казуу токтотулганын маалымдаган. Бишкек жылуулук электр борборуна көмүр үзгүлтүксүз жеткирилери айтылган.

12-октябрда Министрлер кабинети үч айга көмүрдүн наркын мамлекеттик жөнгө салууну киргизген. Бирок бааны туруктуу кармоого мүмкүн болбой жатат.

18-ноябрга карата көмүрдүн орточо баасы тоннасына 5 миң 706 сомду түзүп, бир айда 10,1% кымбаттаганы айтылган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирип, баа былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 20% өскөнүн ырстаган эле.

16-ноябрда президент Садыр Жапаровдун кийлигишүүсүнөн кийин Бишкекте 3000 сомдон көмүр сатуучу пункттар иштей баштады. Аларга чоң кезек жаралып, бир кишиге ашып кетсе эки тонна гана сатылууда. (КЕ)

Дагы караңыз

"Омикрон": Нидерланд локдаун, Лондон өзгөчө кырдаал киргиздиУКМКга берилген "Байрактар", коопсуздуктан чыккан талкуу Капитолийге чабуул жасаган адам беш жылга кесилдиОрусия "Ачык асман" келишиминен чыкты