20-декабрда Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт. Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 8…13;
Талас жергесинде түнкүсүн -4...+1, күндүз 8…13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6;
Бийик тоолордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…-9;
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Эртең менен жана күндүз жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 11…13 градус.
Дагы караңыз
Немис министри "Түндүк агым-2" долбоорун геосаясый катачылык деп атадыТүндүк-Түштүк автожолундагы ири тоннелдин курулушу аяктоодо "Бишкектеги ыш үчүн баарыбыз жооптуубуз" Сенатор Риш: Орусиянын Украина боюнча сунушу "аткарылгыс шарт"