Немис министри "Түндүк агым-2" долбоорун геосаясый катачылык деп атады

Роберт Хабек.

Германиянын экономика жана климатты коргоо министри “Түндүк агым-2” газ куурунун курулушу геосаясий жактан туура эмес чечим болгон деп эсептейт. Мындай пикирин министр Роберт Хабек 18-декабрда "Франкфуртер альгемайне цайтунг" гезитине курган маегинде билдирди.

Ал Европа Биримдигинин бардык мүчөлөрү бул долбоорго каршы болуп, Германия менен Австрия гана кубаттап келгенин, эми куурдун курулушу аяктагандан кийин ал иштейби-жокпу деген суроо пайда болуп жатканын белгиледи.

Министр Хабек бул маселени европалык жана улуттук укуктарды эске алуу менен чечүү зарыл деп эсептейт.

Газ куурун ишке берүүдөн баш тартуу ыктымалдыгын Европадагы көпчүлүк саясатчылар Орусиянын Украинага бастырып кирүү ыктымалдыгына каршы санкциялык кадам катары баалап жатышат.

Германиянын өзүндө бул маселе түрдүү пикирлерди жаратууда. Өлкөнүн канцлери Олаф Шольц газ кууру менен Украина маселесинин байланышы жок деп билдирген.

«Түндүк агым-2» долбоору Орусиянын газын Германиянын түндүк-чыгышына Украина менен Польшаны айланып, Балтика деңизинин түбү аркылуу алып өтөт. Орус бийлиги бул долбоору экономикалык гана максатты көздөй турганын билдирип келет. (RK)

Дагы караңыз

Түндүк-Түштүк автожолундагы ири тоннелдин курулушу аяктоодо "Бишкектеги ыш үчүн баарыбыз жооптуубуз" Сенатор Риш: Орусиянын Украина боюнча сунушу "аткарылгыс шарт"Басма сөз: Кыргызстан качкындарга көмөктөшүүгө көңүлдөнбөйт