COVID-19: Бишкекте ыктыярчы Адинайга арналган мурал пайда болду

Адинай Мырзабекованын сүрөтү тартылган мурал.

Бишкекте медицина кызматкерлерине жана маркум Адинай Мырзабековага арналган мурал пайда болду. Медициналык академиянын жатаканаларынын биринин дубалына тартылган 200 чарчы метрлик сүрөттөрдүн автору сүрөтчү Марлен Бакачиев.

Бул окуу жайдын студенти, 22 жаштагы Адинай Мырзабекова 2020-жылы коронавирус пандемиясы курчуп турганда Бишкекте күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеп жатып каза тапкан. Кийин ага «Эрдик» медалы ыйгарылган.

Кыргызстанда расмий эсеп боюнча коронавирустан 2 миң 800дөй бейтап каза болду. Көз жумгандардын жүздөн ашууну медицина кызматкерлери. (RK)

Дагы караңыз

Китеп окуган муун мектептен түптөлөт Жапаров мигранттардын укугун коргоону убада кылдыДүйшөбаев: Бакиевге кылмыш чөйрөсү жардам бергенПрезидент эки күн Жалал-Абадда болот