Жапаров мигранттардын укугун коргоону убада кылды

Москва. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 18-декабрда дүйнө жүзүндө Мигранттардын эл аралык күнү белгиленүүдө. Мекенин таштап, чет жактан иш издөөгө мажбур болгондордун жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо максатында Бириккен Улуттар Уюму бул күндү 2000-жылы негиздеген.

6,5 милиион калкы бар Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө, көбү Орусияда.

Мигранттардын эл аралык күнүнө карата президент Садыр Жапаров тышта жүргөн кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду жана “Өз Мекениңерде байырлап баар табууга шарт түзүүнүн, чет жерде жүргөндөрдүн укуктарынын корголушун камсыз кылуунун аракетин көрүп жатабыз” деп билдирди.

Орусияга алгач көбүнчө эркектер кетип жүргөн болсо, кийин аялдардын да агымы көбөйгөн. Соңку жылдары бүтүндөй үй-бүлөсү менен көчүп жаткандар да бар.

2020-жылдын эсебине караганда, дүйнөдө 281 миллион адам миграцияда, бул дүйнө калкынын 3,6%. (RK)

Дагы караңыз

Дүйшөбаев: Бакиевге кылмыш чөйрөсү жардам бергенКеңешбек Дүйшөбаев: Кримчөйрө Бакиевге талап койгонПрезидент эки күн Жалал-Абадда болотКоронавирус менен дагы 40 адам катталды, эки бейтап каза болду