Жапониянын Осака шаарындагы психиатриялык клиникадан өрт чыгып, кеминде 28 киши көз жумду. Полиция өрттү атайлап бирөө койгон болушу мүмкүн деген негизде кылмыш ишин козгоду. Өрт 17-декабрь күнү эртең менен тутанган.
Психиатриялык ооруканада депрессияга кабылгандар, уйкусуздуктан жапа чеккен бейтаптар дарыланат. Тилсиз жоо жарым сааттын ичинде өчүрүлгөн. NHK телеканалынын маалыматына караганда, клиникага кандайдыр бир суюктук көтөргөн улгайган киши киргени байкалган.
2019-жылы Жапонияда белгисиз адам Киотодогу киностудияга өрт коюп, 36 киши көз жумган.
Дагы караңыз
Футбол: президент катышкан оюнду маданият кызматкерлери уттуӨзбекстан картөшкө импорттогон дүйнөдөгү беш алдыңкы мамлекетке киретИнгушетияда жер алмашууга каршы чыккан жети киши кесилди