Быйыл 11 айда Өзбекстан 455 миң тоннадай картөшкө импорттогон. Бул 2017-жылкы көрсөткүчкө караганда 2,2 эсе көп. Бул тууралуу EastFruit порталы маалымдады.
Өкмөт чет жактан картөшкөнүн уругун алып келип, дыйкандарга күчтөп айдатканы менен жыйынтык чыга элек. EastFruit билдиргендей, быйыл Өзбекстанга картөшкө негизинен Иран, Казакстан, Пакистан, Кыргызстан жана Нидерланддан алып келинген.
Учурда кошуна мамлекетте картөшкөнүн бир килограммынын орточо баасы 4500-5000 сум же 34-36 сомду түзөт. Дыйкандар мунун себебин өкмөт берген сапатсыз уруктан жана бул үчүн бөлүнгөн жердин ылайыксыздыгынан көрүшөт.
Быйыл күздө өкмөт баалардын өсүшүн ооздуктоо үчүн айрым азык-түлүктү, анын ичинде картөшкөнү салыктан бошоткон. Бирок буга карабай Ташкентте картөшкө кымбаттап жатат.
Дагы караңыз
Ысык-Көлдө балык уулоого чыккан эки жарандын сөөгү табылдыСамаковдун иши: Жогорку сот өкүмдү жокко чыгардыИнгушетияда жер алмашууга каршы чыккан жети киши кесилди