Кыргызстандык окуучулар Москвада өткөн математика, физика, химия жана информатика сабактары боюнча эл аралык олимпиадада байгелүү орундарга татыганын “Сапат” билим берүү мекемесинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-13-декабрь күндөрү өткөн “Мегаполис” олимпиадасында Кыргызстандын атынан ар кайсы мектептерден Бишкек жана Ош шаарынан эки команда түзүлдү. Бишкек командасына №61, №70 жана “Газпром” мектептеринин окуучулары кирди. “Сапаттын” окуучулары Ош шаарынын командасынын атынан катышышты.
Жыйынтыгында Ч. Айтматов лицейинин 11-классынын окуучусу Тилек Аскербеков математика сабагынан, Х.Карасаев лицейинин 11-классынын окуучусу Азамат Саламатов химия сабагынан, Ч.Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу Мундузбаев Айдар жана Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 10-классынын окуучусу Беккоенов Тенгиз информатика сабагынан коло медалга ээ болушту.
Командалык жыйынтыкта Ош шаарынын командасы 3-орунду ээлеп, блиц-турда prize-winner аталды.
Олимпиадага жалпы 28 өлкөдөн 280 окуучу катышты. (RK)
Дагы караңыз
"Климаттын өзгөрүүсүнө каршы ар бирибиз күрөшүүбүз керек"АКШ Кытайга жаңы санкцияларды жарыяладыГендердик квота: БШКнын соңку чечимиМатраимов менен байланышы бар 40 бажычы боюнча иликтөө аяктады