Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги менен тиешелүү бөлүм башчылары аймактагы улуттук диаспоралардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
16-декабрдагы жолугушууда улут аралык чыр-чатактардын келип чыгышынын алдын алуу, сабырдуулук, мыйзамдуулукту сактоо, тартип бузуунун укуктук кесепеттерин талкуулашты. Айрыкча жаштар жана улуттар арасындагы сабырдуулук, терроризм жана экстремизмдин алдын алуу жөнүндө профилактикалык иш-чаралар зарыл экени белгиленди.
Ушул жылы августта “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу планын бекитүү боюнча мекеме аралык топтун жыйыны өткөн.
Аталган документ 2013-2017-жылдардагы “Элдин биримдигин жана улут аралык мамилелерди бекемдөө” концепциясынын уландысы экени айтылган. Улут аралык мамиле боюнча мамлекеттик саясатты жакшыртууга багытталган “Кыргыз жараны” концепциясынын максаттарын жана багыттарын элге жеткирүү иш-чаралары буга чейин бардык аймактарда өткөн.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 100дөн ашуун этнос жашайт, анын ичинен кыргыздар 73% түзөт. (TSh)
Дагы караңыз
Оргалча Айгүл Жапарова менен тааныш эместигин, бийликтин саясатын колдорун айтты Баткенде кыргыз-тажик чек арасында ок атылды