Павлюктун өлүмү: Алдаяр Исманкулов мунапыс сурады

2009-жылы Алматыда киши колдуу болгон кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк.

Алматыда колу-буту чырмалып, алтынчы кабаттан ташталган кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүнө 12 жыл болду.

Бул иш боюнча Кыргызстандын УКМК офицерлери аралашкан казак-кыргыз жарандарынан турган кылмыштуу топ кармалып соттолгон.

Казакстандын абагынан Кыргызстанга мурда которулган УКМКнын техникалык бөлүмүнүн экс-жетекчиси Алдаяр Исманкулов жакында мөөнөтүнөн мурда жазадан кутулуу үчүн мунапыс берүүнү сурап, сотко арыз жазганы белгилүү болду.

Мунапыс сураган Алдаяр Исманкулов

Кыргызстандык оппозициячыл журналист Геннадий Павлюк 2009-жылы 16-декабрда Алматыдагы көп кабат үйдүн алдынан эс-учун жоготуп, колу-буту байланган абалда табылган. Ал эсине келбей, Алматынын ооруканасында көз жумган.

Буга байланыштуу Казакстанда корей тектүү Алексей Ким мурда ысымын Алдаяр Исманкулов деп өзгөрткөн Кыргызстандын атайын кызматына тиешеси бар адам кармалганы ачыкка чыккан.

Бул кылмышты уюштурууга айыпталган Алдаяр Исманкуловду казак соту 2011-жылы 17 жылга кесип, бирок ал калган жаза мөөнөтүн Кыргызстанда улантуу үчүн №27 колонияга которулганы белгилүү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Павлюктун иши боюнча сот отуруму

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарова жакында Алдаяр Исманкулов жаза мөөнөтүн кыскартып, мунапыс берүү үчүн сотко арыз бергенин ырастады.

Элеонора Сабатарова, Жаза аткаруу кызматынын басма сөз өкүлү.

"Адатта Орусия менен Казакстанда соттолуп, камалгандар бизге жеңилдик алуу үчүн которулуп келет. Анткени бизде гумандаштыруунун алкагында соттордо иштер каралып, жаза мөөнөттөрү кыскартылат. Жыл сайын мунапыс жарыяланат. Ырайым берилет. Орусия менен Казакстанда оор кылмыштар менен соттолгондор канча жыл берилсе, ошончо жыл толук отурушат. Ал эми бизде мунапыс аркылуу жеңилдик алып, жаза мөөнөттөрү кыскартылып, эртерээк боштондукка чыгып кетип жатышпайбы. Бул киши мына ошону эсепке алып, которулду го деген ойдомун. Ал сотко арыз жазган. Аймактык жактан ал жазасын өтөп жаткан мекеме Аламүдүн районуна карайт. Качан каралары белгисиз. Ал өзүнүн укугунан пайдаланып, жазаны жеңилдетүүнү жана ырайым кылууну сурап, сотко же президентке кайрылып, арыз жаза берет. Жаза мөөнөтүн кыскартып, жеңилдик берүүдө гумандаштыруу башка, мунапыс башка, ырайым кылуу башка. Башка жактан которулуп келгендердин иштери биздин беренелерге которулуп, жеңилдик шарттары каралып, ошого жараша сот чечими чыгат”, - деди Сабатарова.

Геннадий Павлюкту мыкаачылык менен жок кылуу ошол кезде Бакиев режиминин буюртма киши өлтүрүүлөрдүн логикалык уландысы катары бааланган.

Анткени андан мурда 2009-жылы 13-мартта президенттик администрациянын экс-жетекчиси Медет Садыркулов Алматыдан келе жатканда эки шериги менен өлтүрүлгөн.

Дагы караңыз ИИМ: Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүү кармалды

Атайын буюртма менен адам өлтүрүүгө айыпталган атайын кызматтын мурдагы офицери Алдаяр Исманкуловду мунапыс аркылуу боштондукка чыгаруу аракетин журналист Болот Темиров мындайча баалады:

“Бийлик күч түзүмдөрүн колдонуп, сөз эркиндигине басым жасап, өч алуу үчүн өлтүрүүгө чейин жеткени абдан коркунучтуу. Эркин журналисттерди жана саясий атаандаштарды ушинтип жок кылуу криминалдык бийликтин негизги белгиси. 12 жыл мурдагы окуя биздин мамлекетке чоң сабак болушу керек эле. Бийлик күч түзүмдөрүн пайдаланып, адам өлтүрүүгө чейин барганы бул – мамлекет кылмыштуу режимге кызмат кылып калганын көрсөтөт. Азыркы бийлик 2010-жылга чейинки иштер боюнча кийин чыккан сот өкүмдөрүн кайрадан каратууга аракет жасагандай көрүнүп жатат. Эмнеге ушундай кадамга барып жатканын билбейм. Бирок ушундай тенденция бар”.

Геннадий Павлюк бир топ басылмада иштеп, өмүрүнүн соңку мезгилинде "Ата Мекен" деген аталыштагы партиялык гезит жана интернет сайт ачууну ниеттенгени көрсөтүлгөн. Анын оппозицияны күчтөнтүүнү көздөп, киши колдуу болгон Медет Садыркулов менен дагы байланышы болгону кийин белгиленген.

ЕККУ - Вена - Нур-Султан: "жаңырган" жаңылык: саясий буюртма

Павлюктун өлүмү боюнча 2010-жылы казак полициясы башында үч адамды кармаган. Алардын экөө казак жарандары – Алмаз Игиликов жана Шалкар Орозалин, ал эми кылмышты уюштуруучу катары кийин кармалган Кыргызстандын УКМКнин техникалык бөлүмүнүн экс-башчысы Алдаяр Исманкулов болгон.

Алматы шаарында журналистти кимдер өлтүргөнү аныкталганын ошол кезде Казакстан өтмө төрагалык кылган ЕККУнун төрагасынын өкүлү Адил Ахметов биринчи жолу Венада билдирген.

“Бул саясий адам өлтүрүү. Ал кимдир бирөөгө тырмакчанын ичинде тоскоол болгон. Туурабы? Бирок журналист өзүнүн таза журналисттик ишин кылды. Эмне кыла аласың? Кылмыш жасалды. Буга күнөөлүүлөр кармалышты. Албетте, аларга карата тиешелүү чаралар көрүлөт”, - деген Адил Ахметов.

Казакстандын Ички иштер министрлиги бул ишке тиешеси бар кыргыз жарандары аныкталганын 2010-жылы 13-январда ырастап, бирок кимдер кармалганын жарыялаган эмес. Бирок бул иштин фигуранттары расмий түрдө 2011-жылы сот жараяндарында расмий белгилүү болду.

Сот залында журналист Геннадий Павлюктун өлүмү боюнча айыпталуучу Алдаяр Исманкулов менен анын жактоочусу Светлана Мурзина отурат. Алматы, 11-октябрь, 2011-жыл.

Казакстандагы Алматынын соту кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө айыптуу деп кыргыз жараны Алдаяр Исманкуловду 17 жылга, казак жарандары Шалкар Оразилинди 11, ал эми Алмаз Игиликовду 10 жылга соттогон.

Казак тергөөсү кызыккан Алдаяр Исманкуловдун "атагы"

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди 2010-жылы 25-мартта Павлюктун ишин иликтеген казакстандык тергөө тобу Кордойго суракка чакырган. Өмүрбек Текебаев ага көрсөтүлгөн сүрөттөрдөн чекист Алдаяр Исманкуловду тааныганын "Азаттыктын" кабарчысына айткан.

Өмүрбек Текебаев Кордой райондук полициянын алдында, 25-март, 2010-жыл.

“Кечээ сурактын жүрүшүндө мага беш адамдын сүрөтүн көргөздү. Ал сүрөттөрдүн үчөөнүн өзгөчө белгилерине караганда, колго түшүрүлгөндөн кийин полициянын бөлүмүндө тартылганы көрүнүп турат. Биздин үч жаран Павлюктун иши боюнча казак кызматтары тарабынан кармалган. Төрт сүрөттө тең мен тааныбаган жаш балдар. Бешинчи сүрөттөгү УКМКнын техникалык бөлүмүн жетектеген Алдаяр Исманкулов тааныш көрүндү. Казак тергөөчүлөрү Алдаяр Исманкулов ким, ал жөнүндө эмне билесиз деген суроолорду мага берди. Мен Алдаяр Исманкулов менен жеке тааныш эмес экенимди айттым. Бирок 2006-жылы чоң чатак чыгып, парламент иликтөө жүргүзүп, төрт күн өзүнүн жыйынын ушул жигитке арнаганын айттым. Ошондуктан парламенттик иликтөөнүн чегинде Исманкуловду жакшы билем.
Исманкулов 1996-жылы ыраматылык Рысбек Акматбаевдин жээни Нурлан Коноев менен чогуу каракчылык-тоноо беренеси боюнча айыпталып, кылмыш иши козголгон. Кийинчерээк ошол кездеги ички иштер министри Мурат Суталиновдун айтымында, 2005-жылы Алдаяров казак ишкерин алдап-тоноого катышкан. Ал эми Раатбек Санатбаев өлтүрүлгөндөн кийин бир жума өтпөй Алдаяр Исманкулов эки мыйзамсыз тапанча алып жүргөн жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Бирок прокуратура аны камаганга уруксат бербей койгон. Ошондо парламент "Алдаяр Исманкулов тезинен камакка алынсын" деген чечим чыгарган. Бирок Курманбек Бакиев ачык Исманкуловду колдоп чыккан. Ал анын атасы жетектеген Дене тарбия институтуна барып сөз сүйлөп, бул үй-бүлөнү ачык колдорун жашырган эмес. Ошентип, үч кылмыш ишине аралашкан Исманкулов 2005-жылы кызматынан көтөрүлүп, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш бөлүмүнүн башчысы болсо, азыр техникалык бөлүмдүн башчысы болуп, анан бул ишке шек саналып отурат”, - деген Өмүрбек Текебаев.

Дагы караңыз Башкы прокуратура Бакиевдерди эстеди

Кыргызстандын ички иштер жана кийин коопсуздук органдарында иштеген мурдагы чекист Алдаяр Исманкулов 2006-жылдагы бир топ чуулгандуу кылмыш иштерге шектүү катары кармалып, кайра коё берилгенин мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев да тастыктаган.

Мелис Турганбаев Алдаяр болуп атын өзгөрткөн Ким Алексейди 2006-жылы аны кармаганы үчүн кызматтан алынганын айткан жайы бар.

“2005-жылы ыңкылаптан кийин Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары болуп, кызматка келгем. Ошол мезгилде буюртма адам өлтүрүү көбөйүп кетти. Анан ошол мезгилде баягы Алдаяр Исманкулов дегенди биз тапанча менен жүргөн жеринен кармай коюп, ал Марат Бакиевдин (мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу-ред. ) досу экен. Анысын биз каяктан билдик. Анан ал жактан мен ыргып кеттим. Ошол иш боюнча кызматтан кетиришти”, - деген эле Мелис Турганбаев.

"Кабаанак ит өлкөнү өргө сүйрөйт". Өнөр ээлери өлбөсүн

Жакында Нобел Тынчтык сыйлыгын алган орусиялык журналист Дмитрий Муратов авторитардык бийлик режимдери калем ээлерин кабаанак итке теңеп, “ит үрө берет, кербен жүрө берет” деген принцип менен мамиле кыларын, бирок анын түпкү өзөгү башкача экенин минтип сыпаттады:

“Кербен иттер үргөнү үчүн алдыга желип-жортуп жол улайт. Тоолор менен чөлдөрдө гана жырткычтарга ырылдап кол салат. Алар кербендерди коштогондо гана алдыга жылуу болот. Туура, биз ырылдайбыз, тиштейбиз. Биздин тиштеп, баса калмайыбыз бар. Бирок биз – кыймылга шарт түзөбүз. Биз – өкүмзорлук уусуна каршы дарыбыз. Мүнөттү үнөмдөйүн дегем. Баарыбыз туруп Мария Ресса экөөбүздүн ушул өнөр деп өмүрүнөн ажыраган кесиптештерибизди эскерип, куугунтукка кабылгандарды колдоп коёлу. Журналисттер карыганда, өз ажалы менен каза болушун каалайт элем”, - деди Нобел сыйлыгын ээси, орусиялык журналист Дмитрий Муратов.

Маркум журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнүн бети ачылып, Алматыда 2011-жылы сот өкүмү чыккандан кийин буга чекит коюлуп, иш бүткөндөй көрүнгөн. Бирок үч жыл өткөн соң бул иш боюнча жаңы жагдайлар чыккан. Казакстандын ички иштер органдарынын суроо-талабы менен 2014-жылы Кыргызстандын УКМКнин дагы эки офицери кармалып, камакка алынганы жарыяланган. Муну Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ошол кезде билдирген. Бирок алар кимдер экени айтылган эмес.

Геннадий Павлюк орусиялык "Аргументы и факты" жана "Комсомольская правда" гезиттеринин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн ар кайсы мезгилде жетектеген. Ал “Белый пароход” агенттигин негиздеп, “Ибрагим Рустамбек” деген каймана ат менен макалаларды жазып жүргөн.