Жалал-Абад облустук милициясы Ноокен районунун электр тармактар ишканасынын эсепчиси жана инженери мамлекетке 9,5 млн. сом зыян келтирген деп кармалганын билдирди.
Маалыматка караганда, эсепчи менен инженер Ноокен районунда жайгашкан юридикалык мекеме-ишканалардан электр энергиясына болгон төлөмдөрүн "РСК Банктан" төгүлгөн деп жалган маалыматтарды көрсөтүп киргизип жүргөн.
"Эки кызматкер 2015-жылы 1 млн. 47 миң, 2016-жылга 2 млн, 935 миң, 2017-жылы 2 млн. 600 миң, 2018-жылы 3 млн. сом акча каражатын ыйгарып алышкан",-деп айтылат облустук милиция тараткан маалыматта.
Жалал-Абад шаардык сотунун 15-декабрдагы чечими менен эсепчи тергөө абагына камалып, инженер үй камагына чыгарылды. (TA)
Дагы караңыз
Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен кимдер депутат болду? "Кызыл сызыктан өтпөдү". Муратовдун сөзү талкууда Матраимов менен байланышы бар 40 бажычы боюнча иликтөө аяктадыЭксперттик топ Оштогу мектеп-интернаттагы шартты кыйноо менен салыштырды