Талас: Равшан Жээнбековдун айылдаштары аны бошотууну талап кылууда

Таластын Арал айылында акцияга чогулгандар. 16-декабрь, 2021-жыл. Сүрөттү Равшан Жээнбековдун тарапташтары тарткан.

Талас районунун Арал айылынын тургундары мурдагы депутат Равшан Жээнбековду абактан бошотуу, адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо талабы менен 16-декабрда митингге чыгышты.

Бул тууралуу Жээнбековдун тарапташтары билдиришти. Алар "Равшан Жээнбековго боштондук", "Ак ийилет, бирок сынбайт" деген жазууларды көтөрүп турушат.

"Көпчүлүк эл аны чыгарып беришин президенттен суранабыз. Патриот бала, кичинесинен жакшы окуп, жакшы кызматтарда жүргөн. Президентке нааразы болуп жатабыз", - дешти митингдин катышуучулары.

Акцияга чыккандар жаңы Кылмыш-процессуалдык кодекс менен Кылмыш-жаза кодекси тандалма иштеди, айрым адамдарга гана колдонулуп жатат деген нааразылыгын айтып жатышат.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясына байланыштуу айыпталып быйыл августта экинчи жолу камакка алынган. Ал азыр Бишкектеги №1 Тергөө абагында отурат. Саясатчынын адвокаты Замир Жоошев жаңы күчүнө кирген кодекстерге ылайык, ал бошотулушу керектигин билдирип, укук коргоо органдарынын жетекчилерине, бийликке кайрылган.

Буга бийлик жана укук коргоо органдарынан жооп боло элек.

Кыргызстанда Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана Жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндөгү мыйзамга президент Садыр Жапаров 28-октябрда кол койгон. Жаңы кабыл алынган кодекстер 2-декабрда күчүнө кирди. (МТа)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен кимдер депутат болду? Германия Орусиянын эки дипломатын өлкөдөн чыгарды"Кызыл сызыктан өтпөдү". Муратовдун сөзү талкууда   Аба ырайы: жаан-чачын жаабайт