COVID-19:  39 жаңы учур катталып, эки киши каза болду

16-декабрга карата Кыргызстанда 39 адам COVID-19 вирусун жуктурганы аныкталганын республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаарында 18 учур, Чүй облусунда тогуз, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында үчтөн, Талас облусунда эки, Баткенде бир, Ош облусунда эки, Ош шаарында бир учур катталды. Илдеттен эки киши кайтыш болду. Ушуну менен 2020-жылдын март айынан баштап вирустан көз жумгандардын саны өлкө боюнча 2775ке жетти.

Азыркы тапта өлкө боюнча 664 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Алардын 313си ооруканада болсо, 351 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 16-декабрга карата 1 млн. 174 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын 958 миңден ашууну эки дозаны тең алган.

Вакцина бир адамга эки дозада берилет, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Дагы караңыз

БШКнын өзгөргөн жобосу, Жанар Акаевге берилбеген мандат "Талибдер бир күндө алты кишини атып өлтүрдү"Өкмөттүн маалымат саясатына сын көбөйдү Рахмон өз кызын Британияга элчи кылып дайындады