Бакуда абактагы саясатчыны колдогон митинг күч менен таркатылды

Бакудагы акцияда кармалгандар, 15-декабрь 2021-жыл.

Азербайжандын баш калаасы Бакуда полиция абакта ачкачылык кармап жаткан оппозициячыл саясатчы Салех Рустамлини бошотууну талап кылган митингчилерди күч менен таратты.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчылары жеринен кабарлагандай, 15-декабрдагы акцияда кеминде 20 демонстрант кармалды. Алардын арасында оппозициядагы "Мусават" партиясынын көрүнүктүү өкүлү Тофик Якублу да бар.

Якублу баштаган ондогон митингчилер 1-декабрда Бакуда өткөн буга окшош акцияда да камакка алынып, кийинчерээк алардын бир бөлүгү кайра бошотулган. Бирок Якублу убактылуу кармоочу жайда полициядан ыдык көргөнүн айткан.

1998-жылдан бери Орусияда жашап келген оппозициячыл саясатчы Салех Рустамли 2018-жылы Азербайжанга кайтып келгенде кармалган. Ал "арам акчаны адалдады" деген айып менен жети жылдан ашык убакытка түрмөгө кесилген.

Айыптарды четке каккан Рустамли соңку 39 күндөн бери ачкачылык кармап, бийликтен өзүн түрмөдөн бошотууну талап кылууда.

Эл аралык укук коргоо уюмдары оппозициядагы "Азербайжандын элдик фронту" партиясын жетектеген Рустамлини "саясий туткун" деп тааныган.

Дагы караңыз

Нурбаев БШКнын жобосунун өзгөрүшүнө Шайлдабекованы айыптадыТажикстан электр энергиясын жылдагыдан көп экспорттодуГаипкулов: Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат болотБишкекте “Эко-курак” көргөзмөсү ачылды