БШК: партиялардын IT адистери сайтта ката кеткенин ырасташты

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) техникалык адиси көрсөткөн сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиялардын өкүлдөрүнөн, көз карандысыз IT адистеринен, БШКмүчөлөрүнөн жана адистеринен түзүлгөн жумушчу топ Боршайкомдун сайтынын үзгүлтүккө учурашы техникалык ката болгонун ырастаганын билдирди.

БШК тараткан маалыматта тогуз партиянын, бир коомдук фонддун жана IT- адистеринин ассоциациясы аталган. "Ата Мекен" жана Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү кол койгон эмес.

Жумушчу топтун корутундусуна Программалык камсыздоо жана кызмат көрсөтүү боюнча ассоциация төрагасы, "Бүтүн Кыргызстан", "Альянс", "Ынтымак", "Азаттык", "Жашылдар", "Ордо" жана "Таза шайлоо" коомдук фондунун өкүлдөрү, IT адистери кол койгон.

Жумушчу топтун корутундусуна кол койбогон "Ата Мекен" партиясынын өкүлү Тилек Токтогазиев алар сунуштаган IT адисти БШК кошуудан баш тартканын билдирди. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Аскар Акимбаев Тилек Токтогазиев жумушчу топтун ишине келбей койгонун, Социал-демократтар партиясынын IT адисине партиянын юристтери кол коюуга уруксат бербей койгонун айтты.

Шайлоо күнү добуш берүү аягына чыккан учурда БШКнын Маалыматтык шайлоо системасы бир өчүп-күйүп, мындан улам күмөн саноо жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп атап, шайлоону жокко чыгарууну талап кылышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясы 1-декабрда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын чыгарууда кеткен катаны түшүндүргөн. Анда "партияга берилген добуштарга талапкерлердин добуштары кошулуп кеткени" айтылган.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өттү. Бул жолку шайлоо 21 жылдан кийин аралаш система менен өтүп, биринчи жолу преференциалдык система колдонулду. Парламенттеги 90 орунга 54 депутат партиялар аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Дагы караңыз

Мээримдүү адамга жолуккан жолбун иттин жашоосуЖогорку Кеңештин жыйыны 22-декабрга жылдыАзербайжан менен Армениянын лидерлери төрт сааттан ашык сүйлөштүАкылбек Жапаров Кумтөрдөн салык түшүп жатканын айтты