ЖТРдин мурдагы директору Куттумидин Базаркулов камалды

Куттумидин Базаркулов.

Жалал-Абад облустук телерадиоканалынын (ЖТР) мурдагы жетекчиси Куттумидин Базаркулов камакка алынды. Бул тууралуу анын адвокаты 15-декабрда "Азаттыкка" билдирди.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) кызматкерлери Куттумидин Базаркуловду 27-ноябрда Жалал-Абаддагы үйүнөн кармап кетишкен. 28-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Атайын кызмат Базаркуловду "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыптап жатат. УКМК иштин жагдайы тууралуу маалымат бере элек.

Куттумидин Базаркулов Жалал-Абад облустук телерадиоканалын 2010-2016-жылдары жетектеген. 2021-жылы 10-январда өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, кайра баш тарткан.

Ал акыркы жылдары коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып, 2020-жылы октябрь окуясынан кийин бийликке келгендерди кескин сындап жүргөн. (МТа)

Дагы караңыз

"Клооп" шайлоо боюнча Жогорку сотко кайрылатУКМК "Түндүк" көмөкчордонуна жабдуу алууда мыйзам бузулганын билдирдиТеатр: создуккан ремонт, сахнаны сагынган актерлорЖарандык активист Акаевди жоопко тартуу талабы менен пикетке чыкты