Аба ырайы: жаан-чачын болбойт

16-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 2…7;

Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз 2…7;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10;

Бийик тоолордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -8…-13;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 3…5 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

"Үч балама нан, жолдошума дары керек". Айнураны кыйнаган кымбатчылыкБишкектин административдик соту "Клооп Медианын" арызын караган жокДепутат Жетигеновдун тарапташтары митингге чыктыАскар Акаев атайын кызматта сурак берүүдө