УКМК Сирия, Ирактагы согушка катышууга шектүүнү кармады

УКМК тараткан сүрөт. Кармалган шектүү ортодо турат.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети “Күрд жумушчу партиясы” террордук уюмунун мүчөсү аныкталып, кармалганын кабарлады.

Атайын кызмат 14-декабрда тараткан маалыматка ылайык, шектүү Сирия, Ирак мамлекеттериндеги согуштарга катышып, эл аралык издөөдө жүргөн. Орусиянын күч түзүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш аракеттердин негизинде ал Москва шаарында жасалма документтер менен жашырынып жүргөн жеринен кармалган.

Шектүү Талас облусунун тургуну. Орусиядан Кыргызстанга 12-декабрда экстрадицияланды.

УКМКнын 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. (TSh)

Дагы караңыз

ТИМ: Түштүк Кореядан Кытай аркылуу жүк ташууда кыйынчылыктар болуудаМилиция TikTok тарткан окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздүӨлкөдө мал санак жүргүзүлөт