Түркия менен Армения карым-катышын жөнгө салуу аракеттеринин алкагында өз ара атайын өкүлдөрдү дайындайт. Бул тууралуу Reuters агенттиги Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуна таянып билдирди.
Мындай билдирүү дүйшөмбү күнү түрк парламентинде мамлекеттик бюджет талкууланган жыйында айтылды. Мевлүт Чавушоглу Армения менен алака маселесинде түрк тарап Азербайжан менен кеңешкенин жана келечекте Баку менен да өз аракеттерин координациялай турганын белгиледи.
Министр атайын өкүлдөрдү дайындоо качанкыга мерчемделип жатканын так айткан жок.
Ошол эле учурда ал Стамбул менен Еревандын ортосундагы чартердик каттамдар жакын арада жанданарын кошумчалады.
Тышкы иштер министри Анкара менен Баку чөлкөмдөгү тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүү үчүн дипломатиялык аракеттерди жасап жатканын кошумчалады.
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун армян кызматы белгилегендей, Чавушоглунун билдирүүсү Межилисте кол чабуулар менен кабыл алынды.
Ереван Түркиянын Тышкы иштер министринин сөзүн кубаттап, диалог жүргүзүү үчүн өзүнүн атайын өкүлүн дайындай турганын ырастады.
Армениянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ваан Унаняндын айтымында, Ереван мурдагыдай эле Түркия менен мамилесин алдын ала эч кандай шарт койбой эле жөнгө салуу жараянына даяр. Басма сөз катчы мунун баары армян өкмөтүнүн программасында жазылганын айтты.
Учурда Түркия менен Армениянын ортосунда дипломатиялык мамиле жок. Эки өлкө ортосундагы чек ара 1993-жылдан бери жабык.
Бул бир катар жагдайларга, атап айтканда, Осмон империясындагы армяндардын кыргынын эл аралык таануу жараянына Түркиянын кескин каршы чыкканы менен байланыштуу.
Анкара бул боюнча Еревандын дооматын четке кагууда.
Армения 1915-16-жылдары Осмон империясынын аймагында жашаган бир жарым миллионго жакын армян өлтүрүлгөн деп эсептейт.
Армян геноциди тууралуу Ееревандын дооматын дүйнөнүн 33 өлкөсү тааныган.
Ал эми Анкара ал тарыхый окуяларга геноцид катары баа берүүнү кескин четке кагып, мамлекеттин армян калкын өлтүрүү боюнча максаттуу саясаты болбогонун жүйө келтирүүдө.
Түркия менен Армения 2009-жылы өз ара байланышты калыбына келтирүү жана чек араларды ачуу боюнча Тынчтык келишимине кол коюшкан. Аны эки мамлекеттин парламенттери бекиткен эмес.
Дагы караңыз
Беларус соту Тихановскаянын күйөөсүн 18 жылга кестиОшто акындар зомбулукка каршы ыр окушту Орусия климат жана коопсуздук документин четке кактыОкуу акысы студенттин чөнтөгүнө ыңгайлаштыБеларус оппозициясынын лидерлери узак мөөнөткө соттолду