Европа соту колдору балталанган аял үчүн Орусияны 370 миң евро айыпка жыкты

Жабырлануучу Маргарита Грачева "Колсуз деле бактылуумун" китебинин бет ачарында.

Адам укуктары боюнча Европа соту Орусиянын өкмөтүн 2017-жылы күйөөсү колунун манжаларын балталап салган Маргарита Грачевага медициналык жардам көрсөтүүгө кеткен чыгымдары үчүн 330 миң 660 евро жана моралдык зыян үчүн дагы 40 миң евро кенемте төлөөгө милдеттендирди.

Сот мындай чечимди үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган орусиялык аялдардын жамааттык доо арызынын алкагында кабыл алды.

Адам укугу боюнча Европа соту Орусияны кыйноолорду, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге мыйзамдуу жаза колдонууну бузганы үчүн күнөөлүү деп тапты.

Калган арыз ээлери – Наталья Туникова, Елена Гершман жана Ирина Петракова – 20 миң евродон моралдык зыян үчүн компенсация жана ар бири беш миң евро өлчөмүндөгү соттук чыгымдар үчүн кенемте ала турган болушту.

Соттун аныктамасында Орусиянын укуктук тутумунда "үй-бүлөлүк зомбулук" деген түшүнүктүн болбогону жана жабырлануучуларга жакындоого убактылуу тыюу салган коргоо ордери жок экени айтылат.

"Бул аялдарга карата жасалган зордук-зомбулуктарды токтотууга Орусиянын бийлиги аракет кылбаганын жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды коргоо үчүн эч кандай чара көрбөгөнүн көрсөттү", -деп жазылган Европа сотунун аныктамасында.

Доо арызды кароодо Орусиянын Юстиция министрлиги "арыз ээлерине карата жасалган зордук-зомбулук үчүн мамлекет жоопкерчилик тартпайт" деген турумду карманды. Анын укуктук жүйөсү боюнча "жабырланган аялдарга кызмат адамдары тарабынан эмес, жеке адамдардын иш-аракеттердин натыйжасында зыян келтирилген".

Маргарита Грачева күйөөсү Дмитрий Грачев сабаганы тууралуу арыз менен полицияга кайрылган. Бирок полиция ага кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Анын ажырашуу ниетин билген күйөөсү аялдын эки колунун тең манжаларын балталап салган. Дарыгерлердин жардамы менен бир колунун манжалары жарым-жартылай калыбына келген.

Грачева Орусиянын сотторунда сабалганы тууралуу кылмыш ишин козгоодон баш тарткан ишти талашкан. Жыйынтык чыккан эмес.

Натыйжада бул окуя манжа балталоого чейин жетип, Дмитрий Грачев 14 жылга эркинен ажыратылган.

Укук коргоочулар жабырлануучуну коргоо боюнча мыйзам долбоору 2019-жылдын ноябрында Орусиянын Федералдык Кеңешинин сайтына жарыяланган.

Орус парламентинин жогорку жана төмөнкү палаталары аны жактырган. Бирок коомдук уюмдар документте бардык жагдайлар толук эмес деген негизде ага жакындоого тыюу салган жобону алып салышкан.

Бул мыйзам долбоорун талкуунун "бардык тараптары" жактырмайынча Мамлекеттик Думанын кароосуна киргизбөө чечими кабыл алынган.

Европа сотунун жабырлануучу Маргарита Грачевага 370 миң евро өндүрүү боюнча Орусияга каршы доо бир адамга чегерилген эң ири кенемте. Мындай кенемтени Адам укуктары боюнча Европа соту 2014-жылы дайынсыз жоголгон чечендердин иши каралган учурда койгон. Анда акчалай кенемтенин өлчөмү 23 миңден 300 миң еврого чейин болгон.

Дагы караңыз

Ошто акындар зомбулукка каршы ыр окушту Орусия климат жана коопсуздук документин четке кактыОкуу акысы студенттин чөнтөгүнө ыңгайлашты