БШК 12 шайлоо тилкесиндеги добуштарды кайра эсептеп бүттү

БШК

Борбордук шайлоо комиссиясы 12 шайлоо тилкесиндеги бюллетендерди кайра саноону аяктады. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анын натыйжасында автоматтык эсептөө системасы жана кол санактын жыйынтыгы дал келген.

Боршайком 12 шайлоо тилкесиндеги добуштарды кайра саноо менен талапкерлердин жана партиялардын орду өзгөрбөгөнүн кошумчалады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 18-декабрга чейин чыгарышы керек. Жаңы парламент 22-декабрда ишке киришери айтылууда. (МТа)

Дагы караңыз

Орусия БУУнун климат жана коопсуздук боюнча резолюцияcына вето койдуБишкекте тепловоз коюп кеткен Пакистандын жараны боюнча ИИМ түшүндүрмө бердиТажик бийлиги умрага уруксат бере элекБишкектин административдик соту "Клооп Медианын" арызын караган жок