COVID-19: Британияда "омикрон" штаммынан биринчи бейтап каза болду

Лондон метросу. Иллюстрациялык сүрөт.

Британияда коронавирустун "омикрон" штаммынан биринчи бейтап көз жумду. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү премьер-министр Борис Жонсон билдирди. Өкмөт башчы сөз болгон вариантка чалдыккан бир нече киши ооруканада жатканын тастыктады. Бардыгы болуп Британияда "омикронду" бир миңден көп киши жугузуп алды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму алдын ала маалыматтарга таянып, биринчи болуп Түштүк Африкада катталган жаңы штамм башкаларга караганда тез жайыларын, колдогу вакциналар андан жетиштүү коргобой турганын билдирген. Ошол эле маалда бул вариант жеңил өтөрү аныкталган.

Алдынкы күнү Жонсон жаңы жылга чейин чоң кишилерди үчүнчү доза сайдырууга чакырган. Премьердин айтымында, бул штаммдын көп сандагы өлүмгө алып келбей турганы болжолдонгону менен, тез жайылышы ооруканаларга күч келтириши ыктымал.

Дагы караңыз

Мунай менен футболдун шаарыАрмиядагы өлүм: Жалгызынан айрылган ата-эне, "Кылым шамы" БУУга кайрылат Чаткалда алтын казган ишканага нааразы болгондор жол тосушту