Кара-Суудагы окуяга шектүүлөр кармалды

Кылмышка шектүүлөрдүн жанынан алынган курал-жарактар.

Ички иштер министрлиги 13-декабрда Кара-Суу шаарында болгон окуяга байланыштуу мурда соттолгон үч киши кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алар мурда да куралдуу каракчылык менен алектенип жүргөнү белгилүү болду.

Шектүүлөр 13-декабрда Кара-Суунун Нурахунов көчөсүнөн кармалган. Окуя болгон жерде “Дэу-Лассети” үлгүсүндөгү автоунаа өрттөлгөн. ИИМдин маалыматында машиненин өрттөлгөн себеби айтылган эмес.

"Савай айылынын тургуну 13-декабрда саат 09:50 чамасында Кара-Суу шаарынын Навои көчөсүндө азият улутундагы бейтааныш эки адам тапанча такап, "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү автоунаасын айдап качууга аракет кылды деп милицияга кайрылган. Текшерүүнүн жүрүшүндө алардын изи Нурахунов көчөсүндө табылган",-деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын бири Кара-Суу районунун 32 жаштагы тургуну адам өлтүрүү, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо беренелери менен мурда эки жолу соттолгон. Экинчиси - диний-экстремизм боюнча мурда бир жолу соттолгон Ош шаарынын 48 жаштагы жашоочусу. Үчүнчүсү - Орусиянын Татарстан Республикасынан. 46 жаштагы бул киши да мурда уурулук менен соттолгону айтылат.

Окуя болгон жерден курал-жарактар, ок-дары, рациялар, атайын бет каптар алынган.

Экспертизалар дайындалып, тергөө башталганы кабарланды.

Буга чейин Кара-Суу шаарындагы окуя тартылган видео интернетте тараган. Анда күйүп жаткан машинени көрүүгө болот. (DU)

Дагы караңыз

Депутат Кумтөрдүн алтыны кайда сатылып жатканына кызыктыБишкекте Жаңы жылдык салют атылбайтМексика аркылуу АКШга жетүүнүн азап-тозогуCOVID-19: Британияда "омикрон" штаммынан биринчи бейтап каза болдуАрмиядагы өлүм: Жалгызынан айрылган ата-эне, "Кылым шамы" БУУга кайрылат