Еврошаркет Москвага жаңы санкциялар салынарын эскертти

Европа биримдигинин тышкы иштер министрлери Брюсселдеги жыйында орус аскерлери Украинага басып кире турган болсо, Москвага каршы жаңы экономикалык санкциялар салынарын эскертишти. Шаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Йозеп Боррелл жолугушууда жазалоочу чаралар кабыл алынбасын, бирок министрлер АКШ жана Британия менен координацияланган ыктымал чараларды талкуулашарын билдирди. Биримдиктин дипломаттары маалымдашкандай, Орусия менен Германияны туташтырган "Түндүк агым-2" кууру бутага алынышы мүмкүн.

Батыш Орусия коңшу өлкө менен чек арасына он миңдеген жоокерин жана техниканы топтоп жатат деген маалыматтарга камтамасын билдирип келатат. Муну чабуул коюуга даярдык катары сыпаттайт.

2014-жылы Москва Крым жарым аралын аннексиялап алып, Донбасстагы жикчилерге колдоо көргөзгөндүгү үчүн Еврошаркет санкцияларды киргизген. Орусия жикчилерди колдогонун жана чабуулга даярданып жатканын четке кагууда.

Дагы караңыз

Министр Бейшеналиевди отставкага кетирүү талабы айтылдыПрокуратура: каржы пирамидасынан беш миң жаран 3 млн. долларга алданган"Тайм" журналы Илон Маскты "жылдын адамы" деп атадыИИМ Жумгалда жол кырсыктарын алдын алуу чаралары көрүлөрүн маалымдады Президент окубай калган балдарды мектепке киргизүү боюнча жарлык чыгарды