Болгариянын жаңы өкмөтү коррупция менен катуу күрөшүүгө убада берди

Кирилл Петков

Болгарияда 4 партиядан турган башкаруучу коалиция куралды. Өткөн ишембиде "Өзгөртүүлөрдү улантабыз" деген антикоррупциялык партиянын теңтөрагасы, премьерликке талапкер Кирилл Петков өлкө президентине жаңы кабинеттин долбоорун тапшырды.

Парламенттеги добуш берүү 13-декабрга пландалган. Петковдун айтымында, жаңы өкмөт "паракорчулукка каршы айыгышкан күрөш" жүргүзөт. Жаңы коалиция өлкөнү 4 жыл башкармакчы. Бул аралыкта сот системасынын реформасы ишке ашууга тийиш.

Жаңы өкмөт алдында ошондой эле электрэнергиясынын бааларынын өсүшү, пандемияга байланышкан кризистен чыгуу өңдүү максаттар турат.

Дагы караңыз

Беларуста БШКны 25 жыл жетектеген Ермошина кызматтан кеттиЭлчи кызматына талапкерлерди жаңы парламент карай турган болду Чаткал: чачылган чачыранды алтын