Түштүк Африканын президенти коронавирус жугузуп алды

Түштүк Африка жумуриятынын президенти Сирил Рамафоза COVID-19 илдетине кабылганын мамлекет башчынын кеңсеси 13-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, толук эмделген Рамафоза дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы жакшы. Президент анын мисалы эмделүү керектигин, вакцина оор формадан коргой турганын дагы бир жолу далилдегенин айтты.

Коронавирустун «омикрон» деген жаңы штаммы Түштүк Африкада катталып, ошондон бери ондогон өлкөгө тарады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул вариант «дельтага» караганда тезирээк жугарын, бирок жеңилирээк болорун маалымдады. Азыркы вакциналар бул штаммдан анча коргобой турганы да аныкталган. Андыктан адистер үчүнчү доза алууга үндөшүүдө.

Европанын саламаттык сактоо мекемелери «омикрон» бир нече жуманын ичинде жайылып отуруп, үстөмдүк кыларын эскертишет.