Топчубек Тургуналиев "Манас" жана Айтматов академиясынын президенттигинен кетти

Топчубек Тургуналиев.

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев кызматтан кетти. Бул тууралуу Министрлер кабинетиндеги булактар билдирди.

Тургуналиев 2019-жылы "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин президенти болуп дайындалган.

Академия түзүү тууралуу жарлыкка мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 31-январында кол койгон.

Жарлык "Манас" эпосун, кыргыз элинин эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө милдеттерин аткара тургандыгы айтылган.

2011-жылы Айтматовдун туулган күнүнүн урматына жана Алыкул Осмоновдун каза болгон күнүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин токтому менен 12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Акаев менен Бакиевдин окшоштугу көп болду"

Дагы караңыз

Тажикстан жана Өзбекстанга мыйзамсыз товар өткөрүүгө аракет кылгандар кармалдыӨзбекстан менен Венгриядагы элчи кызматына талапкерлер каралат 2022-жылы бюджеттен 39 млрд. сом карыздарды төлөөгө сарпталатКумтөр: Жапаровдун билдирүүсү, кылмыш иштеринин чоо-жайы