Улуттук адабият күнүнө карата жаш акындарга "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Сыйлык алгандардын арасында "Азаттык" радиосунун кабарчысы Максат Жангазиев бар. Мындан сырткары министр Азамат Жаманкулов акындар Бердибек Жамгырчиев менен Нуркыз Рыскул кызын дагы ушундай эле төш белги менен сыйлап, чыгармачылык ийгилик каалады. Министр биргеликте ишке ашыра турган долбоорлор бар экендигин белгилеп, кызматташуу тууралуу пикир алмашты.
Эртең, 12-декабрь улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана Улуттук адабият күнүнө карата республикалык “Алтын калем” сыйлыгын ыйгаруу аземи поэзия кечеси менен кошо А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
Улуттук адабият күнүн белгилөөнү 2011-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, маркум Эгемберди Эрматов сунуш кылган. Токтом долбоору жактырылып, энчилүү дата катары ошол жылы өкмөттүн чечими чыккан.
Дагы караңыз
ЖОЖдордо окуу акысы үч жыл бою көтөрүлбөй турган болдуАба ырайы: эки облуста кар жаайтОшто 39 жаштагы тургун кызын зордуктоого шек саналып кармалдыАдам укугун коргоо күнүнө карата интеллектуалдык оюн уюштурулдуЭнергетикалык ишканалардын жетекчилери токту ашыкча колдонору айтылдыЧымкентте полициянын бир нече кызматкери кармалдыКыргызстан 2022-жылы ЖЕЭК жыйынына төрагалык кылат