Бишкекте 10-декабрда - Адам укугун коргоо эл аралык күнүнө карата "Улгайган адамдардын укугу - бул адам укугу" деген ураан алдында интеллектуалдык оюн уюштурулду.
“Бабушка Эдопшн” коомдук кайрымдуулук фонду уюштурган иш-чарага үч команда катышып, "Иностранные Гости" (Экспаты) тобу жеңип чыкты.
Мындан сырткары "Номадс ЛэндКГ", "Альянс Продукт" командалары катышкан. Оюнда чогулган каражат жалгыз бой улгайган адамдарга жумшалары маалыматта белгиленген.
Кыргызстан 1994-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктарынын жалпы декларациясына кошулган жана уюмдун алкагында адам укуктарына тиешелүү эл аралык бир нече келишимдерди ратификациялаган.
Бул күнгө карата 10-декабрда президент Садыр Жапаров кайрылуу жасап, инсандын негизги укуктары, эркиндигин коргоонун негизги принциптери жазылган Адам укуктарынын жалпы декларациясы мамлекеттин демократиялык негиздерин бекемдөөдө чечүүчү ролду ойной турганын белгилеген.
Дагы караңыз
Кыргызстан 2022-жылы ЖЕЭК жыйынына төрагалык кылатДонор уюмдар БУУ аркылуу Ооганстанга жардам берүүнү макулдаштыКыргызстанда койлорго электрондук чип тагыла баштадыУКМК Баткенде 7 килограмм маңзат табылганын билдирди