УКМК: синтетикалык маңзат тараткан кылмыштуу топ аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкек шаары менен Чүй облусунда синтетикалык маңзат таратуу менен шугулданган кылмыштуу топ аныкталганын билдирди. Ага ылайык бул ишке негизинен балдар аралашкан жана алардын кураторлору чет өлкөлүк жарандар болгон.

УКМК тараткан маалыматты "балдар чет өлкөлүк кураторлордун тапшырмасы менен аз өлчөмдөгү наркотикти коомдук жайларга, парктарга катып кетип жүрүшкөн. Маңзатты сатып алган жарандар акчаны алдын ала электрондук капчык, банк аркылуу төлөгөн", деп айтылат.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергеп-иликтөө уланып жатат. Атайын кызмат мыйзамсыз маңзат соодасына аралашкан чет өлкөлүк жарандарга байланыштуу ошол мамлекеттердин тиешелүү органдарына ыкчам-иликтөө иштерин чогуу жүргүзүү тууралуу кайрылганын билдирди.

Республикалык наркология борборунда ушул тушта 8,5 миңден көп киши расмий каттоодо турат. Бирок бейрасмий булактарда алардын саны 25 миңден ашат. Акыркы учурда героин сыяктуу маңзаттар кымбаттап, синтетикалык наркотик колдонгондор көбөйүүдө.

Дагы караңыз

Өкмөт Казакстанга кошумча суу берүү себебин түшүндүрдү Жээнбеков менен Зулпукаров абактан бошотулдуАйдоочулук күбөлүктү ИИМ бере турган болду"Сокулуктагы окуя укук коргоо, сот органдарына чоң коңгуроо"Декларация: үстүндө үйү, астында унаасы жок аткаминерлер