Өрт өчүрүү-куткаруу бөлүгүнүн жаңы имараты курулат

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 10-декабрда Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жаңы Өрт өчүрүү-куткаруу бөлүгүнүн курулушу башталат. Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасынын “Кыргызстандын өрт өчүрүү жана куткаруу кызматынын потенциалын бекемдөө аркылуу элдин өрт коопсуздугун камсыздоо” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Долбоор алкагында мындай бөлүктөрдөн жалпысынан төртөө – Бишкекте, Чолпон-Атада, Сузакта жана Ошто курулат. Ар бир бөлүк заманбап жабдыктар жана өрткө каршы техника менен жабдылат.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда 2800 өрт кырсыгы катталды, бул былтыркыга караганда 12% көп. 11 ай ичинде 33 адам каза болду, 29 адамды куткаруучулар аман алып калууга үлгүрүшкөн. (RK)

Дагы караңыз

Дүйнөдө медиага чабуул күчөдүЖаңылыктар | 9.12.2021 | Быйыл камалган жана каза тапкан журналисттер көп болдуЖогорку Кеңеш: Депутаттарга иш бөлмөнү комиссия бөлүштүрөт Парламент депутат Жетигеновду жоопко тартууга уруксат берген жок