Бүгүн 10-декабрда Бишкекте өспүрүмдөр арасында шайба хоккей боюнча эл аралык турнир башталат.
13, 11 жана 9 жаштагы кыздар менен балдар жаш курагы боюнча үч категорияга бөлүнүп, мэрдин кубогу үчүн таймашат.
Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Латвия өлкөлөрүнөн келген хоккейчилер катыша турган бул турнирди борбор калаанын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы Кыргызстандын Хоккей федерациясы менен бирге уюштурууда.
Кыргызстандан "Алга", "Локомотив" жана "Нарын шумкарлары" командалары катышат.
Турнир 20-декабрда жыйынтыкталат. (RK)
Дагы караңыз
Дүйнөдө медиага чабуул күчөдүЖаңылыктар | 9.12.2021 | Быйыл камалган жана каза тапкан журналисттер көп болдуЖогорку Кеңеш: Депутаттарга иш бөлмөнү комиссия бөлүштүрөт Парламент депутат Жетигеновду жоопко тартууга уруксат берген жок