Жаштар үчүн уюштурулган “кесиптер кербени” жыйынтыкталды

Жаштар жаңы кесиптер тууралуу маалымат алышты.

Кыргызстандын түштүк аймагында “кесиптер кербени” жыйынтыкталды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Кесиптер өзгөрдү! А сенчи?” деген аталыш менен өткөрүлгөн иш-чаранын уюштуруучусу – Youth of Osh уюмунан билдиришти.

“Мисалы, санарип контент, социалдык медиадагы маркетинг жана блогинг, заманбап искусство жана чыгармачылык, психология, туризм, бизнес багыттары боюнча спикерлер чакырылган. Алар өз кесиби, тажрыйбасы тууралуу айтып беришти”, - деди уюмдун өкүлү Камила Алыкулова.

Үч күндүк кербен 7-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда башталып, Баткен жана Ош облустарынын айылдарында уланды. Ага катышкан улан-кыздар кесип тандоо боюнча маалымат ала алышты. (RK)

Дагы караңыз

Жаңылыктар | 9.12.2021 | Быйыл камалган жана каза тапкан журналисттер көп болдуДүйнөдө медиага чабуул күчөдүЖогорку Кеңеш: Депутаттарга иш бөлмөнү комиссия бөлүштүрөт Парламент депутат Жетигеновду жоопко тартууга уруксат берген жок