9-декабрга карата Кыргызстанда 66 адам COVID-19 вирусун жуктурганы лабораториялык жактан аныкталды. Алардын көбү Бишкек шаарында. Талас, Нарын жана Жалал-Абад облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.
COVID-19га каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, бир суткада бул инфекциядан эки киши каза болду.
Ушуну менен былтыр марттан бери бул ооруну жуктуруп алган 183 810 адам катталды. Алардын 2764ү каза болду. (TSh)
Дагы караңыз
Президент коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдодуМинистрлик Токтогулдагы суу боюнча түшүндүрмө берди Акылбек Жапаров Нурсултан Назарбаевге жолукту