Сербия өкмөтү өлкө аймагында литий кенин иштетүүгө жол ача турган мыйзамды артка чакыртып алды. Мындай чечим кабыл алынганы 8-декабрда белгилүү болду.
Өкмөттүн өлкөнүн түштүгүндөгү 2,4 миллиард долларга бааланып жаткан кенди иштетүү укугун британ-австралиялык Rio Tinto компаниясына бере турган демилгесине каршы бир нече күндөн бери айрым шаарларда нааразылык акциялары өткөн.
Бийлик мыйзам коомчулуктун кеңири катышуусунда талкууланарын, ага кесиптик ассоциациялар, бизнестин жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышса болорун билдирди.
Байкоочулардын айтымында, өлкө аймагындагы алтын жана күмүш кендеринде Кытай компаниялары ошондой эле мыйзамдык шартта эч тоскоолдуксуз иштеп жатышат. (RK)
Дагы караңыз
Байден Украина маселеси боюнча Орусия менен сүйлөшүү уланарын билдирди Канада Кытайда өтө турган Олимпиадага дипломатиялык бойкот жарыяладыМитингге чыккан конуш тургундарына үйүнүн техпаспорту тапшырылатЖК: Камактагы депутат Жетигеновдун маселесин кароо кийинкиге калды