Аба ырайы: Кээ бир аймактарда кар жаайт

9-декабрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -3...+2, күндүз 1...6;

Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн -1...+4, күндүз 6...11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5;

Нарын жергесинде түнкүсүн -9...-14, күндүз 0...-5;

Бийик тоолордо түнкүсүн -18...-23, күндүз -6...-11;

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен бир аз кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Ала булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн 0...2, күндүз 6...8 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Журналист Хашогжинин өлүмүнө шектүүнүн бири кармалды Казакстанда калктын саны 19,17 миллионго жеттиШаардык сотто Асылбек Жээнбековдун бөгөт чарасы каралбадыКазакстан сугат маалында Токтогулдан кошумча суу алганын билдирди РЭТ жетекчиси үйүнө майнинг-ферма койгон деп шек саналууда