Жалпы улуттук эл каттоонун жыйынтыгы боюнча Казакстандын калкынын саны 19 169 550 адамды түзгөнүн өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин 8-декабрда билдирди.
Ал президент Касым-Жомарт Токаевге 1-сентябрдан 30-октябрга чейин жүргүзүлгөн улуттук эл каттоонун биринчи жыйынтыгы боюнча отчет берди.
Эркектер менен аялдардын санынын катышы аялдардын үлүшүнүн эркектерге салыштырмалуу 51,8% барабар болуп, көпчүлүктү түзгөн.
Калктын 33,97% 17 жашка чейинки балдар, 19,72% 14-28 жаштагы жаштар түзөт.
Калктын орточо катмарын жашы 31,9 жаштагылар түзөт. Эмгекке жарамдуу жарандардын саны 11 320 410 адамды, же калктын 59,05% барабар.
Казакстандагы жалпы калктын ичиндеги казактардын этникалык курамы 70,18% жеткени белгиленди.
Быйыл 1-30-октябрга чейин өлкөдө эл каттоонун алкагында үймө-үй кыдырып изилдөө жүргүзүлдү. Расмий маалыматтарга караганда, өлкө тургундарынын 42,5% эл каттоого онлайн түрүндө катышкан.
Бул эгемен Казакстандын тарыхындагы үчүнчү эл каттоо болду. Буга чейинкиси 2009-жылы болуп, коррупциялык жаңжал менен коштолгон. Анда калктын саны 16 миллион адамды түзгөн.
Казакстандагы 1999-жылдагы эл каттоодон бери калктын саны миллиондон ашык ашык көбөйгөн.
Дагы караңыз
Жээнбеков менен Зулпукаров абактан бошотулдуЖурналист Хашогжинин өлүмүнө шектүүнүн бири кармалды Шаардык сотто Асылбек Жээнбековдун бөгөт чарасы каралбадыКазакстан сугат маалында Токтогулдан кошумча суу алганын билдирди РЭТ жетекчиси үйүнө майнинг-ферма койгон деп шек саналууда