Жогорку Кеңеш депутаттык комиссиянын депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат бербөө тууралуу корутундусун колдоду. Комиссиянын чечимин 94 депутат колдоду, эч ким каршы болгон жок.
Ал эми депутат Бакыт Жетигеновдун маселесин кароо түштөн кийинкиге калтырылды.
Комиссиянын корутундусунда төмөндөгү пункттар белгиленген.
1. Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугусуз, Конституциянын 78-беренесин бузуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган жана камакка алынган деп таанылсын;
2. Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө киргенине байланыштуу Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров атайын кызматтын тергөө абагынан токтоосуз бошотулууга тийиш;
3. Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамдын 24-беренесине ылайык депутат элдин жана мамлекеттин коргоосу алдында турары жана мандатынын колдонуу мөөнөтүндө жана андан кийин дагы айтылган ой-пикири жана добуш берүү жыйынтыктары үчүн куугунтукталышы мүмкүн эмес экени белгиленсин.
Жээнбеков менен Зулпукаров "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.
Жетигеновду УКМК “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.
1-декабрга чейин иштеген “Жазык-процесстик кодекстин” талаптарына ылайык үч депутатты жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн.
Башкы прокуратура эгер Жогорку Кеңеш жоопко тартууга макулдугун бербей турган болсо депутаттар камактан бошотулуп, алардын депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө кылмыш иши убактылуу токтотуларын билдирген.
Дагы караңыз
Эки сааттык сүйлөшүү. Байден Путинге шарт койду"Унаа" мекемеси ИИМдин карамагына өтмөй болдуДепкомиссия: УКМК Жээнбековду Конституцияны бузуп камаганПрезидент Жапаров телерадио кызматкерлерин куттуктады