Бүгүн 8-декабрда Бишкекте “Аял депутаттар – өнүккөн коомчулук” деген аталышта семинар өтөт. “Аялдарга жардам борбору” жана USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору биргеликте уюштуруп жаткан иш-чаранын максаты – депутат айымдар менен социалдык активдүү кыз-келиндердин, коомдук бирикмелердин, парламенттин кызматташтыгын арттыруу аркылуу аялдардын саясаттагы позитивдүү образын жаратуу жана алардын саясий процесстерге активдүү катышуусун колдоо.
Расмий статистика боюнча, Кыргызстанда аялдар 6,5 миллион калктын 50,4% түзөт. Аялдардын 64% айыл жергесинде жашайт.
Быйыл Кыргызстанда айыл кеңештерине шайлоо алгачкы жолу аялдарга 30 пайыздык квота берүү менен өткөрүлдү. Натыйжада айыл кеңештеринде аялдардын саны 9 пайыздан 38 пайызга өстү. Ал эми парламенттик шайлоодо аялдар өтө аз болду. (RK)
Дагы караңыз
Башкы прокуратура: Парламент жоопко тартууга макул болбосо Жээнбеков, Зулпукаров жана Жетигенов бошотулатНью-Йоркто АКШнын жарандыгы жокторго шайлоо укугу берилиши мүмкүн Сокулуктагы чыр: Аксакалдар сотунун талаштуу чечимиКырк жыл кыйнаган кырсык