Кыргызгидрометагенттиги 8-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, кар жаайт деп кабарлады. Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн.
Эртең менен жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, карга айланат. Жолдор тайгак болот. Батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз 4...9,
Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 4...9;
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн 1...6, күндүз 8...13;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7;
Нарын облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...+2;
Бийик тоолордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -4...-9°.
Бишкек шаарында жамгыр, кар жаайт. Түнкүсүн 0...2, күндүз 7...9°.
"Ачык Time" подкастын угуңуз
Көйгөйүн простатитке шылтаган эркектерМаңзат уурдаган жаштыкЖыныстык көйгөйлөргө каршы күрөшкөн Жылдыз«Эркектер көп учурда тукумсуз экенин сезбейт»