Кара-Сууда жана Кербенде шаар депутаттары шайланды

Боршайком.

28-ноябрда парламенттик шайлоо күнү Кыргызстандын айрым жергиликтүү кеңештерине да шайлоо өткөн. БШКнын 5-декабрдагы маалыматы боюнча, Ошто Кара-Суу шаардык кеңешине ат салышкан эки партия тең жети пайыздык чектен өтө алды. Натыйжада 31 мандаттын 20сы «Биздин Кыргызстан», 11и «Эл үмүтү» партияларына тийди.

Ал эми Жалал-Абадда Кербен шаардык кеңешине сегиз партия ат салышты, жети пайыздык чектен алардын бешөө өтө алды. Натыйжада 31 мандаттын тогузу «Ата-Журт Кыргызстан», жетөө «Ынтымак», алтоо «Ишеним», дагы алтоо «Бүтүн Кыргызстан» жана үчөө «Өнүгүү-Прогресс» партияларына тийди.

Ушул эле күнү Жалал-Абадда Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылында жана Чаткал районунун Терек-Сай айылында айыл кеңештерине депутат шайлоо өттү. (RK)

Дагы караңыз

Азербайжан армениялык он жоокерди бошотту Ява аралында жанар тоо атылып, 15 киши каза таптыБеларус "украин тик учагы чек араны бузду" деп айыптады"Кыргызстан пандемиядан сабак алган жок"