Укуктук жардам декадасы башталууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 6-декабрда Кыргызстанда Юстиция министрлигинин демилгеси боюнча калкка бекер укуктук жардам жана кеңеш берүүнүн кезектеги декадасы башталууда. 10-декабрь – Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата уюштурулуп жаткан иш-чара алкагында ар бир облуста мамлекеттик кепилденген юридикалык жардам системасынын кызматкерлери кабыл алуу жүргүзүшөт. Алар сот адилеттигин, укугунун корголушун талап кылып жана тигил же бул укуктук маселесин чече албай жүргөндөрдү кабыл алып, кеңешин айтып, багыт беришет.

Декада алкагында мамлекеттик адвокаттар, нотариустар менен катар социалдык, үй-бүлөлүк жана башка маселелер боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлери, коммерциялык эмес уюмдардын, жогорку окуу жайларынын юридикалык клиникаларынын өкүлдөрү да иштешет.

Кыргызстанда жеке адвокаттар менен катар мамлекеттик адвокаттык кызмат да иштейт. Ага социалдык жактан аз камсыз болгондор каалаган убакта кайрыла алышат.

Бекер юридикалык жардам декадасы 15-декабрда жыйынтыкталат. Мындай акцияларды укук коргоо борборлору, бейөкмөт уюмдар да уюштуруп турушат. (RK)

Дагы караңыз

Азербайжан армениялык он жоокерди бошотту Ява аралында жанар тоо атылып, 15 киши каза тапты"Кыргызстан пандемиядан сабак алган жок"Беларус "украин тик учагы чек араны бузду" деп айыптады