Ява аралында жанар тоо атылып, 15 киши каза тапты

Семеру жанар тоосу атылгандан кийин. Индонезия. 5-декабрь, 2021-жыл

Индонезиянын Ява аралында жекшембиде Семеру жанар тоосу атылып, бери дегенде 14 киши каза болду. 56сы жараат алды.

Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар мекемеси билдирип, куткаруучулар аман калгандарды издеп жатышканын кошумчалады.

Тоо эртең менен атыла баштаган, айланадагы айылдардын тургундары коопсуз жерлерге качууга арасыз болду.

Жолдор менен көпүрөлөр керектен чыкты, бир нече кыштакты күл басып калды.

Семерунун кратеринин айланасындагы беш чакырым жерге жакындоого тыюу салынды, бийлик чатырларды тигип элди жайгаштырды.

Семеру Индонезиядагы 120дан ашуун активдүү вулкандардын бири. Акыркы жолу январда атылган, адам өлүмү болгон эмес.

Дагы караңыз

Азербайжан армениялык он жоокерди бошотту Шайлоо-2021: Кол санактын протоколдору 99,96% катталып бүттүБеларус "украин тик учагы чек араны бузду" деп айыптады"Кыргызстан пандемиядан сабак алган жок"