Европанын бир катар шаарларында 5-декабрда да коронавирус пандемиясына байланышкан чектөөлөргө каршы он миңдеген киши көчөлөргө чыкты.
Брюсселде ушул аптада кабыл алынган кезектеги чараларга нааразылыгын билдирип, жүздөгөн киши чогулду.
Белгия бийлиги алты жаштан ашкан балдар беткап тагынып жүрүшү керек деген эреже киргизген. Бала бакчалар менен мектептер кышкы каникулга бир жума эрте тарамакчы. Имараттардын ичиндеги иш-чараларга 200дөн көп киши чогула албайт.
Бир күн мурда Венада 40 миңден ашуун киши төртүнчү ишемби катары менен нааразылык акциясын өткөргөн. Вирус жугузгандар кескин көбөйгөндүктөн, 22-ноябрда Австрия Европада биринчи болуп үч апталык карантин киргизген. Өлкөдө февралдан тартып коронавирустан эмдөө милдеттүү болуп эсептелет.
Нааразылык акциялары Германия жана башка өлкөлөрдө да болду. Европаны пандемиянын төртүнчү толкуну вирустун “Омикрон” деген жаңы штаммы камтама кылып жаткан тушта каптады.
Илимпоздор бул вариант тууралуу маалымат азырынча аз дегени менен, континенттин саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү алдыдагы айларда “Омикрон” коронавирус жугузгандардын жарымынан көбүн түзүшү ыктымал деп болжолдошот.
Дагы караңыз
Беларус "украин тик учагы чек араны бузду" деп айыптадыЯва аралында жанар тоо атылып, 15 киши каза таптыАзербайжан армениялык он жоокерди бошотту Шайлоо-2021: Кол санактын протоколдору 99,96% катталып бүттү"Кыргызстан пандемиядан сабак алган жок"BYPOL: Бакиевдер Лукашенконун калкалоосу үчүн 1,6 миллион долларлык пара беришкенБасма сөз: "Бандиттердин карааны айланган шайлоо"
|