Беларус "украин тик учагы чек араны бузду" деп айыптады

Украин-беларус чек арасы. 12-ноябрь, 2021-жыл

Беларустун Коргоо министрлиги жекшембиде Украинанын элчилигинин аскердик атташесин чакыртып, нааразылык нотасын тапшырды.

Расмий Минск украиналык Ми-8 тик учагы алдыңкы күнү Новая Рудня айылынын жанында мамлекеттик чек араны бузганын билдирди. Маалыматка караганда, тик учак бир чакырым Беларус аймагына кирип келген. Коргоо министрлиги Украина “Беларуска каршы риториканын фонунда” чек арага жакын жерде машыгуу өткөрүп жатканын айтууда.

Украинанын чек ара кызматы ишембиде чек ара бузулбаганын жана ноябрдан бери машыгуу жүрүп жатканын билдирген. Киев ал иш-чара Беларустагы мигранттардын өлкөгө ыктымал өтүүсүнө даярдык катары уюштурулганын кошумчалады.

Эки коңшунун талашы тараптардын мамилеси начарлап кеткен учурга туура келди.

Дагы караңыз

Азербайжан армениялык он жоокерди бошотту Шайлоо-2021: Кол санактын протоколдору 99,96% катталып бүттүЯва аралында жанар тоо атылып, 15 киши каза тапты"Кыргызстан пандемиядан сабак алган жок"BYPOL: Бакиевдер Лукашенконун калкалоосу үчүн 1,6 миллион долларлык пара беришкен